ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: Бүткүл дүйнөлүк жарандык коргоо күнү
Бүгүн, 1-март - Бүткүл дүйнөлүк жарандык коргоо күнү. 1931-жылы бир нече мамлекеттердин демилгеси менен француз медициналык кызматынын генералы Жорж Сен-Поль Парижде "Женева зоналарынын ассоциациясын" негиздеген. Бул уюм 2 же көп жактуу макулдашуулар аркылуу бардык өлкөлөргө коопсуздук зоналарын орнотууну көздөгөн.
Кийинчирээк бул ассоциациянын аталышы Эл аралык жарандык коргоо уюму деп өзгөртүлгөн. Ал эми 1972-жылы аталган уюм өкмөттөр аралык уюмдун статусун алган. Учурда ага 53 мамлекет мүчө, 16 мамлекет байкоочу болуп эсептелет.
Бүткүл дүйнөлүк жарандык коргоо күнү 1990-жылы бекитилген. Максаты - жарандык коргоо тууралуу маалыматтарды пропагандалоо жана улуттук куткаруу кызматтарынын сапатын жакшыртуу.
1-мартка карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.