super.kg logo
  Саясат  

Абдил Сегизбаев Текебаев боюнча: "Тергөөнү адилеттүү жүргүзөбүз"

 

Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча адилеттүү жүргүзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу 1-мартта парламентте УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев билдирди. Тергөө жүрүп жатканын, бул маселе коомдо талкуу эле эмес, бурмаланган маалыматтарды да жаратканын белгиледи. УКМК башчысы Текебаевге тагылып жаткан айыптарды башынан баштап баяндоодо. Текебаевдин чет элдик ишкерден 1 миллион доллар алганына күбө болчулар 2 адам менен чектелбесин айтты.

"Текебаев 26-февралда саат 4тө УКМКга алынып келинди. Саат 5те ага адвокат жалданды. Андан кийин жубайы жолугууну суранганда макулдук бердик. 11 саат тынымсыз суракка алынды деп жатышат. Бул карандай калп. 26-февралда Текебаев чарчаганын айтып саат 6дан 10го чейин эс алууну суранды. Карандай суу берип, тамак берген жок деген да жалган. Кийин видеодон көрсөңөр болот. Жанында дарыгер бар, күн сайын анын кан басымын текшерүүдө. Керектүү учурда башка дарыгерлерди чакырууга да мүмкүнчүлүк бар", - деди Сегизбаев.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: