super.kg logo
  Саясат  

Парламентте Абдил Сегизбаев менен Садык Шер-Нияз кайым айтышты

 

Парламентте УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз кайым айтышты.

Садык Шер-Нияз КТРКнын директору Илим Карыпбековдун жол кырсыгына кабылганы тууралуу айтканда, Абдил Сегизбаев "Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өзүңдүн ден соолугуңду тиле" деген макалды айтты. "Илим Карыпбековго ден соолук тилейли", - деди ал.

Садык Шер-Нияз Сегизбаевди кыргызча үйрөнүп алуусун сунуштап, аны түшүнбөй калганын билдирди.

"Силер Карыпбековду кыйнап ар жумушту кылдыртып жатып, жол кырсыгына кабылды. Ал ушул жерден "бул тигини айт дейт, бирөөсү муну айт деп жатышат. Кыйналып кеттим" деп айтты эле. Сиз сөзгө түшүнөсүзбү? Мен Илим Карыпбековдун өлүмүн тилеп жатыптырмынбы? Же баягы ар кимге жалаа жаап көнүп калдыңарбы? Менин сөзүмдү башкача кылып айтып жатасыз. Мындай жалааны токтотуңуз", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: