ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: 3 жыл мурун Кытайдагы темир жол бекетинде террорчулардын кол салуусунан 34 адам каза болгон
Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 1-мартта Кытайдын Куньмин шаарында темир жол бекетиндеги террордук кол салуудан 34 адам каза таап, 100дөн ашуун адам жаракат алган.
Кара кийинген 10дон ашык адам чоң, узун бычактары менен темир жол бекетиндеги жүргүнчүлөрдү четинен өлтүрүп киришкен. Жергиликтүү полиция кызматкерлери окуя болгон жерден 4 кылмышкерди атып өлтүрүшкөн жана бирөөсүн колго түшүрүшкөн. Кытай бийликтери бул ишти уюштурууга Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун сепаратисттерин күнөөлөп, алар катуу жазаланышарын айтышкан. Февраль айында террордук актыны уюштурган 3 адамды кармашкан.
1-мартка карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.