super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов Текебаевдин камакка алынышын саясатташтырбоо керек экенин айтты

 

Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Текебаевдин камакка алынышын саясатташтырбоо керек экенин айтты.

Анын айтымында, бул маселеге бир гана "Ата Мекен" партиясы эмес, бардыгы кызыкдар.

"2010-жылы 7-апрелде балдар өлүп, алардын сөөгү жерге берилиш керек болуп жатканда талап-тоноолор болду, мародёрлук болду, бан ячейкалары тонолду. Мен ошол маалда ал окуялардын арасында жүргөн адам катары айтып жатам. Бул иштер иликтениши керек. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бетине чиркөө болуп жүрөт, бул иштерди эл сурап жүрөт. Ошол себептен азыр толугу менен тергөө иштери бүтүш керек. Тергөө иштерине тоскоолдук кылбоо зарыл. Бул маселе биздин мамлекетте болуп жаткандан кийин өзүбүз чечишибиз керек. Эл аралык уюмдарга кайрылуунун кереги жок. Бир гана жолу бар, партиянын мүчөлөрү коргонууга жардам бергиле, элди козутуп көчөгө чыгаргандан мурун. Менин оюмча, иш козгогондор, тергөө жүргүзгөндөр жоопкерчиликти сезип жатат. Булар да жооп берет", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: