super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кызыл-Кыя шаарындагы базардагы унаа токтотуучу жай жеке адамга таандык болгондуктан, кызматтын баасы кымбат

 

22-февралда "Элдик кабар" рубрикасына Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук базардын унаа токтотуучу жайынын абалы тууралуу окурмандын билдирүүсү жайгаштырылган. Бүгүн, 1-мартта Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы SUPER.KG порталына ал жай дагы, базар дагы жеке ишкерлерге таандык экенин билдирди.

"Базардан чыккан саркынды суулар муниципалдык жол аркылуу четтеги каналга агып чыгат. Жыл сайын ал жолго шагыл төгүлүп, түзөлүп турат. Быйыл да андай иш аткарылат. Азырынча шаардык бюджет бекитиле элек. Ал эми муниципалдык унаа токтотуучу жайларда кызмат баасы 10 сомдон ашпайт. Бул жай жеке ишкерге таандык болгондуктан, баасы Монополияга каршы агенттиги менен келишимдүү түрдө коюлат", - деп билдиришти мэриядан.

Жолго жыл сайын шагыл төгүүнүн ордуна жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, асфальт төшөө иштерин аткарууга мүмкүн экенин белгилешти мэриядан, бирок асфальт төшөө кымбат тургандыктан, азырынча бул маселе көтөрүлө элеги белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, базардын жанындагы начар абалдагы жолдун узундугу 1 чакырымга жетпейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.03.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Жан к
Экен К кыя эми онолот
01.03.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абиш Халмурзаевке таандык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: