super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Боинг кырсыгы боюнча маалымат колума тийди, бирок жарыялоого үлгүрбөй калдым"

 
Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларына жазган каты.
Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова.

Камакта отурган Өмүрбек Текебаев Боинг кырсыгы боюнча маалымат таап, бирок аны элге жарыялоого үлгүрбөй калганын билдирди. Депутат жактоочусуна кат жазып, бул маалыматты элге жеткирип коюуну өтүнгөн.

"Менин Кипрге, Венага болгон сапарымдын жыйынтыгында менин колума 2017-жылдын 16-январында Бишкек аэропортунда болгон авиа катастрофа боюнча маалыматтар тийди. Тилекке каршы, аларды жарыялаганга үлгүрбөй калдым. Бул маалыматтарды тийиштүү кишилер аркылуу силерге берем. Бул маалыматтарды коомчулукка жана депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнө жеткирип койсоңуздар. Эл чындыкты билиши керек", - деп жазылат Текебаевдин катында.

Бүгүн "Ата Мекендин" юристтери Бишкектин четине кулаган Боинг учагындагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге таандык экенин далилдей турган документтер бар экенин жарыялашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: