super.kg logo
  Саясат  

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси "Ата Мекендин" юристтеринин Боингдеги жүк боюнча билдирүүсүнө пикирин айтты

 

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов "Ата Мекен" партиясынын юристтеринин Боингдеги жүк боюнча билдирүүсүнө пикирин айтты.

"Текебаевдин юристтеринин билдирүүсү боюнча айтсам, бул жөн эле абсурд эмес, калп дагы эмес. Бул кылмыш боюнча жалган маалымат берүү. Анын артында кылмыштык жоопкерчилик бар. Журналисттердин документтердин реалдуулугуна шек санаганы туура болду. Текебаевдин жардамчыларынын билдирүүсү тергөөгө кыйыр түрдө басым жасагандык болуп саналат. Бул кылмыш ишине саясий өңүттү берип, коомчулуктун пикирин башка жакка бурууга аракет", - деп Алмаз Үсөнов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Айта кетсек, бүгүн "Ата Мекен" партиясынын юристтери маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө жактоочу Таалайгүл Токтакунова "Боинг учагындагы жүк Атамбаевге таандык экенин далилдеген документтер бар" деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: