super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: 125 жыл мурун япон адабиятынын классиги Рюноскэ Акутагава төрөлгөн

 

Мындан 125 жыл мурун, 1892-жылы 1-мартта новелла жана аңгемелери менен дүйнөгө таанылган япониялык жазуучу Рюноскэ Акутагава Токиодо төрөлгөн.

Ал 10 жашка чыккан мезгилде энеси өз өмүрүн өзү кыйган. Бул каргашалуу окуядан соң апасынын агаларынын бири Митиаки Акутагава аны асырап алып, келечектеги жазуучу анын фамилиясын алган. Орто кылымдын тарыхына, сүрөтчүлүккө жана поэзияга болгон кызыгуу ушул үй-бүлөгө келгенден тарта башталган.
Рюноскэ 1913-жылы Токио университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, андагы чыгармачыл достору менен биргеликте "Синситё" адабий журналын чыгара баштаган. Ошол эле журналга анын алгачкы "Чал" аттуу чыгармасы жарык көргөн (1914). Бирок жазуучу катары "Жүз аарчы" аттуу новелласы менен белгилүү болгон. Андан кийин ал "Жалгыздыктын тозогу", "Бак", "Аял", "Рояль", "Расёмон дарбазасы", "Мандариндер", "Генерал", "Жылдын акыркы күнү" сымал мыкты чыгармаларды жараткан. Японияда адабият тармагында Акутагава атындагы сыйлык уюштурулган. Бул сыйлык ар жыл сайын мыкты жаш жазуучуларга ыйгарылып турат.
Акутагаванын чыгармалары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине которулган. "Караңгыдагы маек" чыгармасы 1926-жылы декабрда жазылып, автор өлгөндөн кийин жарык көргөн. Акутагаванын "Эргежээлдин экмети" аттуу белгилүү чыгармасын Алым Токтомушов, "Караңгыдагы маек" новелласын Сагын Акматбекова, ал эми "Сыйкырдын керемети", "Мандариндер" новеллаларын Назгүл Осмонова которгон.
1927-жылы 24-июлда жазуучу таңга маал өз жанын өзү кыюу менен 35 жашында дүйнөдөн өткөн.

1-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: