super.kg logo

Бажы кызматы: "Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасына эң көп дегенде 10 миң долларды декларациясыз өткөрө алат"

 

Чет өлкөлүк жаран Кыргыз мамлекетинин аймагына 10 миң АКШ долларга чейин көлөмдөгү акча каражатты декларациясыз өткөрө алат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, эгер чет өлкөлүк жаран Кыргыз жергесине 10 миң АКШ доллардан жогору акча каражатты өткөргүсү келсе, ал бул акчаны кандай жол менен тапканын өз өлкөсүндөгү тиешелүү мекемелерине барып, декларацияда белгилеши зарыл.

Эскерте кетсек, 25-февралда интернетке орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү тараган. Анда ал 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин айтат. "2010-жылдын июнь айынын алгачкы күндөрүндө Текебаев Москвага келип, 1 миллион доллар берүүгө макул болдум. Июнь айынын акырында Бишкекке келип 300 миң доллар, кийин 700 миң доллар бердим", - дейт Маевский.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.03.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Интернетке чыкты самолеттогу груз Атамбаевдыкы 40 адамдын арбагы уруп эки дуйно жакшылык корбой кал вор должен сидеть в тюрьме деп бетин табактай кылып суйлоп койот
01.03.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет олколук жаран Кыргызстанга каалаган сумадагы акчаны алып кирип эле журушот

Силердики кагаз жузундо гана
01.03.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жүк чын эле Атамбаевдики, эмнеге Текебаевди кеп-сөзгө келтирбей баса калышты, себеби Текебаевдин колуна далил док-ттер тийген , ачыкка жарыялай электе оозун басышты...
01.03.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарына Кудай бар.Аллахтын алдында акыйкатты жашыргандар жооп берет.Бул дуйнодо адилеттуу сот болбосо о дуйнодо акыйкат сот парасыз сот болот
01.03.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Декларациясы куйгузду. Налогывыйга барсан акча сурашат. Налог дагы тогосун, декларасия барагы 200 сом, тушунуксуз. Аны 300 сомго жаздырасын. Ынгайлуурак кылып чыгарышса болбойбу. Элде акча ашып жатса дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: