super.kg logo
  Саясат  

Түрк элчиси: "Учактагы жүк боюнча жарыяланган документтер жасалма"

 

Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Метин Кылыч учактагы жүк боюнча жарыяланган документтер жасалма экенин 1-март күнү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуу учурунда билдирген.

Министр Э.Абдылдаев элчиден “кырсыкка кабылган учактагы жүк президент Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон” деген маалыматтар тууралуу түшүндүрмө сураган.

Элчи Түркиянын атайын кызматы өзүнүн энбелгиси басылган жашыруун документтерди эч кимге бербей турганын белгилеп, Боинг учагындагы жүк тууралуу документтер жасалма экенин айткан. Метин Кылыч муну “кимдир бирөөлөр бул чатакка түрк тараптын да тартылышын каалап жатат” деп, Түркия башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн да ички саясатына кийлигишпей турганын айтты.

Айта кетсек, 1-мартта "Ата Мекендин" юристтери маалымат жыйын өткөрүшүп, анда жактоочу Таалайгүл Токтакунова өзүндө кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк Алмазбек Атамбаевге таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдирген. Эки айга камакка алынган депутат Ө.Текебаев жактоочу аркылуу кайрылуу жасап: "Менин Кипрге, Венага болгон сапарымдын жыйынтыгында менин колума 2017-жылдын 16-январында Бишкек аэропортунда болгон авиа катастрофа боюнча маалыматтар тийди. Тилекке каршы, аларды жарыялаганга үлгүрбөй калдым", - деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: