super.kg logo

Депутат ипотекалык насыя алуу үчүн кайсы аймактан көп кайрылуу болуп жатканына кызыкты

 

Бүгүн, 2-мартта парламентте "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаева ипотекалык насыя алуу үчүн кайсы аймактан көп кайрылуу болуп жатканына кызыкты.

Анда мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорунун орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу чоң шаарларда кайрылуу көп болуп жатканын айтты.

"Турак жай менен камсыздоо көйгөйү чоң шаарларга таандык. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында көп кайрылат. Бирок бардык аймакта иштеп жатабыз. Алардын катарында алыскы тоолуу аймактар да бар", - деди Нуржигит Үсөнакун уулу.

Рада Туманбаева: "Былтыркы жылдын март айынан 7 миң жаран ипотекалык насыя алуу боюнча кайрылыптыр, бирок 830 эле жаранга берилген экен. Кандай тоскоолдуктар болуп жатат?" - деп суроо берди.

Компаниянын директорунун орун басары коюлган талаптарга жооп бербеген адамдар тизмеге кирип алганын айтты.

"Ипотекалык насыянын негизги талабы турак жайга муктаж адамдарга берүү болуп саналат. Айрымдар туура эмес түшунүп, үйлөрү бар болсо дагы тизмеге кирип алган", - деди ал.

Учурда Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.03.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ипотека бул кайра эле байкуш элдин чонтогун кагуу, ото кымбат! Окмот элдин айлык акысынан кабары жоктой! Азыркы уйу жок жаш семялардын айлык акысы орточо 10 минге жетпейт. Бул айлык мн ага окмоттон эч качан ипотекага уй берилбейт да, дагыле баягы мамайдын гору да!!!!
03.03.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 9000мин айлык алам аялым 6000мин алат айлыгынар жетпейт экен деп бизгеда бербеди чегим,үйүм жок өкмөт ипотекага бөлүнгөн акчаны элге кандай беришти ойлобой кандай кылып жешти ойлонуп жүргөндөй сезилет экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: