super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев СИЗОдогу шартка дооматы жок экенин билдирди

 

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов УКМКнын тергөө абагында отурган депутат Өмүрбек Текебаевдин абалын көрүп чыкты. Маалыматты 2-мартта SUPER.KG порталына аталган борбордон билдиришти. Мекеме өкүлдөрү Текебаевге кечээ кирип чыгышкан. Анда Текебаев камактагы шартка дооматы жок экенин билдирген. Депутаттын абалы жакшы, дарыгер дайыма көзөмөлдөп турганы белгилүү болгон.

Маалыматка таянсак, Текебаев кошумча иретинде анализ тапшырууну көздөөдө. Бул боюнча Нурдин Сулайманов УКМК төрагасына кайрылган, макулдук берилсе анализ 3-мартта тапшырылышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Депутат 25-апрелге чейин камакта болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: