СУПЕРСТАН: "Телефонума 9 айда 95 сом салыптырмын"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күнүнө канча бирдик коротосуз?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Лимитсиз интернет колдоном, жумасына 95 сом кетет".
"80 сом жумасына, 1 күндө ошондо 11 сомдон".
"Күнүнө 12 рубль алат, а мен тырышып акча салбай жүрө берем. Керек адамдар өздөрү чалып турушат".
"Айына 300-500 бирдик коротом. Азыр текшерсем, 1-28-февралга чейин 274 бирдик короттуңуз дейт. Орто эсеп менен күнүнө 10 сомдук бирдикти жеп турат экенмин".
"9 айда 95 сом салыптырмын. Ар бир кадамым бекер интернет болгон үчүн акча салбайм деле".
"Меники күнүнө 20 сомдон кетип турат. Анткени чексиз интернет, бекер СМС, анан чалуу бекер. Кызмат баасы 20 сомдон".
"Айына 1000дей бирдик коротом".
"Мурда күнүнө 200-300 сомдон коротчу элем, азыр күнүнө 1 сом".
"Айына 250 сом, жылына 3000 болот экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.


Аа байкуш маяк менен жашайм дечи. Мейли ошка 1 сом болсун, а билайн менен мегакомго кантесин?
Интернеттен да кабарын жок
Мурун элдин кобу маяк берчи эле, азыр маяк берген адам почти корбойсун. Действительно единица тугонгон учур болот бирок ошол замат эле салышкандарын байкап эле журом