Президент Оппенхаймер и Ко. компаниясынын башкаруучу директору менен экономикасына инвестицияларды тартуу маселесин сүйлөштү

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2- мартта Оппенхаймер и Ко. Компаниясынын башкаруучу директору, “Капитал рыноктору” багыты боюнча компания жетекчиси Жон Тонеллини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргыз мамлекетинин экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча пландар талкууланды. Бул багытта эки тарап тең Европадан жана АКШдан инвесторлорду тартуу үчүн дүйнөлүк рыноктордо Кыргыз өлкөсүнүн позитивдүү беделин илгерилетүү жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн презентациялоо боюнча таасирдүү чараларды көрүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Президент өлкө экономикасынын өнүгүшү жана анын чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу мамилелеринин динамикалуу өнүгүшү көбүнчө тышкы рыноктордо өлкөнүн беделинин канчалык сапаттуу экенине жараша болорун белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөнүн инвестициялык ыңгайлуулугун реалдуу жогорулатуу, бизнес кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоо боюнча өлкөдө бар артыкчылыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын экономикасынын келечектүү тармактарына инвестицияларды тартуу максатында активдүү кызматташууга ишеним билдирди.


