super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга жооп": Бишкектин Кайыңды конушундагы көмүр саткандардын үстүнөн Экотехинспекцияга тургундар арызданмайын текшерүү жүргүзүлбөйт

 

Бишкектин Свердлов районундагы Кайыңды конушундагы көмүр саткандардын үстүнөн Мамлекеттик Экологиялык-техникалык инспекцияга тургундар арызданмайын текшерүү жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Мамэкотехинспекциянын Свердлов районундагы экологиялык коопсуздук боюнча улук инспектору Медет Анарбек уулу SUPER.KG порталына билдирди.

Эскерте кетсек, 22-февралда "Элдик кабар" рубрикасына окурмандын "бала бакчанын жанында көмүр камаздар менен түшүрүлүп, эленип мүшөктөргө салынып, күздөн бери сатылып жатат" деген билдирүүсү жарыяланган.

"Негизи көмүр сатуучулар Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Жер ресурстарынын башкармалыгы менен келишим түзүп, көмүр түшүрүлчү аймакты ылайыктайт. Сөзсүз түрдө көмүр асфальт төшөлгөн же бетон жаткырылган жерге төгүлүшү керек. Андай болбосо көмүр жер кыртышын бузуп, анын чаңы экологияга терс таасирин берет", - деди улук инспектор.

Аталган мекеме ал сатуучулардын үстүнөн текшерүү жүргүзүү үчүн Экономика министрлигинен уруксат алышы керектигин кошумчалады Медет Анарбек уулу.

"Текшерүү жүргүзүү үчүн жергиликтүү тургундар бизге арызы менен кайрылышы керек. Биз бул кабардын негизинде Экономика министрлигине кайрылганыбыз менен, арыз жок болсо, уруксат ала албайбыз", - дейт Медет Анарбек уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: