super.kg logo
  Саясат  

УКМК мурдагы депутат Садыр Жапаровду суракка чакырды

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аны күбө катары суракка чакырып жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда УКМКнын кызматкери М.Эсенбаев Кең-Суу айылындагы үйүнө чакыруу таштап кеткени айтылат.

"Чакырууну сүрөткө тартып мага жөнөтүштү. Мен чет өлкөдө жүргөндүгүмө байланыштуу, сиздин чакырууңузга 25-мартта барам", - деп жазат Жапаров.

Ошондой эле ал, №2026-Аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары М.Өмүркановдун бардык көзөмөл-өткөрмө пункттарына жөнөткөн телеграммасын жарыялады. Телеграммада "Жапаров өлкөгө кирип жаткан учурда УКМКнын кызматкерлерине кабарлоо керек" деп жазылат.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте өткөн "Кумтөр" маселеси боюнча митингде депутат Ташиев чогулгандарды бийликти басып алууга үндөп, ондогон тарапташтары менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүп тополоң чыгарган. Ошол эле күнү укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 29-мартында 3 депутатты күнөөлүү деп таап, Жапаров менен Ташиевди 1 жыл 6 айга, Мамытов менен депутаттардын жан сакчыларын 1 жылга эркинен ажыраткан. 17-июнда Бишкек шаардык соту бул 3 депутатты бардык беренелер боюнча актап, сот залынан бошоткон болчу. Кийин 2013-жылдын август айында Жогорку Сот шаардык соттун өкүмүн өзгөртүп, 3 депутатты Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 295-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: