super.kg logo

Ырчы, обончу Съездбек Искеналиев "Арноо" аттуу чыгармачылык кечесин өткөрдү (фото)

 
Съездбек Искеналиев
Ырчы Гүлнара Тойгонбаева
Асель Турдалиева менен Съездбек Искеналиев
Замир Арыкбаев менен Съездбек Искеналиев
Ырчы Алихан
Ырчы Арсен

Бүгүн, 2-мартта ырчы, обончу Съездбек Искеналиев Коомдук биринчи каналдын студиясында "Арноо" аттуу чыгармачылык кечесин өткөрдү. Кечеге белгилүү акындар, ырчылар, бий топтору, жакын санаалаш достору катышып Искеналиевдин обонуна таандык чыгармаларды аткарышты. Бул күнү акын Кыялбек Урманбетов, ырчылар Асель Турдалиева, Гүлнара Тойгонбаева, Арсен, Ильяз Андаш, Алихан, Нэна, Замир Арыкбаев жана башкаларды көрө алдык.

Чыгармачылык кечеси тууралуу ырчы буларды билдирди:

"Чынында канча деген чыгармачыл инсандар менен иштешип, бир топ обондорду жаратканымды бүгүн көрүп, бир чети сыймыктанып турам. Ар бир обондун өзүнчө жаралуу тарыхы бар. Эл жылуу кабыл алып, ырдап жүргөндөр: Алсак, Омардын "Кош жүрөк", Арсендин "Эсимде", Нэнанын "Мен сенден сүйүү күтөм", "Унчукпадыӊ" жана башка. Албетте, муну менен дагы токтолуп калбайбыз, дагы да болсо чыгармаларды жаратып, элге тартуулоону улантабыз".

Ал эми Асель Турдалиева: "Менин окуучум чыгармачыл инсандыгы менен эле эмес, адамдык мыкты сапаттары менен башкалардан өзгөчөлөнөт", - дейт.

"Съездбек жан дүйнөсү таза, адамгерчиликтүү, тубаса интеллекти жогору инсан. Жакындарына, үй-бүлөсүнө кылган мамилесин көрүп, жүрөгүӊ эзилип кетет. Жигитке 70 өнөр аздык кылат деп айтылат эмеспи, бул жигитте андан да ашык өнөр бар деп билем. Мындан да көп ийгиликтерди жаратып, бактылуу болушун каалайм", - деп билдирди А.Турдалиева.






Съездбек Искеналиев, Асель Турдалиева. 02.03.17.

Съездбек Искеналиев обондуу ырларынын кечесин белгиледи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
02.03.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сахнанын жасалгасы простой
03.03.2017. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
farida.kg.1991, Крикоров эмесда
03.03.2017. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер кейджи ссылка жокгоо
Медиа-портал
04.03.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец !!! ырлары жакшы чынындале
Медиа-портал
04.03.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул такыр жакпайт!
SUPER.KG видео
04.03.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул С.Искеналиев абдан жагат, Ар дайым бир калпта, муноозу оор адам. Суйлогону, баскан турганы маданияттуу. Анан да калса композитор ( обончу) экенин эми гана бул видеодон коруп билдим, болгондо да мен коптон бери жакшы коруп угуп жургон сонун ырлардын обонун жаратыптыр. Бул байкеге болгон сый-урматым кучоду. Ал Эми бул киши кимге жакпаса, туз жалагыла. Даяр тамака сынчы коп дейт, силер биринчи ушул денгээлге жетип алсаныздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: