“Жеңиш” сейил багында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлөт
3-майда Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 68 жылдыгына арналган Октябрь райондук
администрациясы уюштурган иш-чаралар өткөрүлөт.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, саат 9:00дө баштала турган майрамдык кечеде чакырылгандар
үчүн
концерттик программа тартууланып, аскер ашканасынын тамагы берилет.
Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана согуш жылдарындагы
тыл эмгекчилерине материалдык жардамдар көрсөтүлөт. Иш-чараларды
өткөрүү үчүн Октябрь районунун бюджетинен 1,5 миллион сом бөлүнгөн.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

