Адистер "Кыргыз жеринде таза суунун сапатынан кооптонууга негиз жок" дешти
Кыргыз жеринде таза суунун сапатынан кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу 2-мартта "Парламент" радиосунун түз эфиринде адистер билдиришти.
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Нарынбек Казыбаев суунун курамын текшерүүдө колдонула турган атайын бирдиктүү нормалар бар экенин, аны Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бекиткенин айтат. Департаменттин дагы бир адиси Бүбүжан Арыкбаеванын билдиришинче, суунун сапатын изилдөө суу сактагычтарда күнүгө эмес, саат сайын жүргүзүлүп туруш керек. Бирок буга бардыгынын эле мүмкүнчүлүктөрү жете бербейт. Бул жагынан эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүүдө. Мектептерде сууну кайнатып колдонууну сунуштаган долбоорду ишке ашырууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
palina
03.03.2017. 11:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кооптуу эле биз жакта кранттан суу алганда кобунчосу кептердин канаттары чыгат.сокулук району комсол айылында муну айылдын баары эле билет.суу сактаган жердин санитардык абалы талапкажооп бербейт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















