Түн ичинде Жалда жол тандабас өрттөнүп кетти. Себеби азырынча белгисиз

3-мартка караган түнү Бишкектин Жал кичи районунда жол тандабас өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, саат 03:40 чамасында Жалдагы 38-үйдүн короосунда токтотулуп турган Тойота Ленд Крузер өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү тез арада өчүрүү аракеттери көрүлүп, саат 04:18де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жол тандабастын жанына токтотулган Тойота Калина унаасынын арткы бөлүгү күйгөн.
Өрт кимдир бирөө тарабынан жасалганбы же унаа техникалык мүчүлүштүктөн улам өрттөнүп баштаганбы? ӨКМ тактап жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жоон эле туруп орттонуп кетет. Болот ар кандай нерсе болот. Кобунчо аккумулятордон кетет