super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 3-МАРТ: "Бүгүн туулган күнүмдү жубайым, кызым үчөөбүз белгилейбиз" дейт "кара кыргыз" атыккан футболчу Даниэл Тего

 

Бүгүн, 3-мартта "Дордой" футболдук клубунун коргоочусу, "кара кыргыз" атыккан футболчу Даниэл Тего (толук аты-жөнү Даниэл Нии Арма Тего) 31 жашка толду. Спортчуну куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, футболдук беттешке даярданып жатканын айтты.

"Бүгүн "Алай" футболдук клубу менен ойнойбуз. Беттештен кийин үй-бүлөм менен бирге өздүк майрамымды белгилейин деп жатам. Туулган күн бир жылда бир эле жолу келет эмеспи, андыктан бул күнгө маани берем. Былтыр өздүк майрамымды жубайым экөөбүз эле белгилеген болсок, бүгүн кызым үчөөбүз тособуз. Саат 00:00дө жубайым куттуктап, белегин тартуулады. Эмне белек экенин айтпай эле коёюн", - деди ал.

Белгилей кетсек, Д.Тего 1986-жылы 3-мартта Батыш Африкадагы Гана Республикасынын Аккра шаарында жарык дүйнөгө келген. 2008-жылдан тарта Кыргыз мамлекетинде жашайт. Маалыматтарга караганда, Даниэл Ганадагы жергиликтүү бир уруунун падышасынын уулу. 2015-жылы Элнура аттуу кыргыз кызына үйлөнгөн. Былтыр апрель айында түгөйлөр кыздуу болушуп, ага Данэлия деген ысымды ыйгарышкан. Футболчу Кыргыз өлкөсүнө келген соң ислам динин кабыл алган.

3-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.03.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ислам динин кабыл алганы жакшы экен, мына эми более-менее.
03.03.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара Кыргыз 2 десенер болмок)) убагында Кара Кыргыз деп Ален Оффойо беле кикбоксерду айтчу элек
04.03.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кызын жанынан коруп ичим ушундай элжиреген))ал кезде мындан кичирээк болчу,сладкий ребенок у них,куурчакка окшош,коз тийбесин...куйоосу мусулман болсо жакшы экен...
04.03.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Несин бенди,кандай белек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: