super.kg logo
  Саясат  

Президент Башкы штабдын башчысы Раимберди Дүйшембиевди кабыл алды

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-мартта Башкы штабдын башчысы Раимберди Дүйшембиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысына өлкө Куралдуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, Дүйшембиев Куралдуу күчтөрдүн азыркы талаптарга жооп берген түзүмдөрүн түзүү, башкаруу органдарын оптималдаштыруу, бөлүмчөлөрдүн күжүрмөн жана ыкчам даярдыгын арттыруу, аскер кызматчыларын техникалык жабдуу жана социалдык камсыздоону жакшыртуу боюнча президент койгон милдеттерди ишке ашыруу чаралары тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күч-кубатын арттыруу боюнча комплекстүү иштерди улантуу максатында Кыргыз Республикасынын чет жердик өнөктөштөр менен аскерий-техникалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: