super.kg logo

Тоңдун жашоочусунун кутурма тийген 35 кою, 1 жылкысы жок кылынып, жалгыз киреше булагынан айрылды

 

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Калкагар айылынын жашоочусу Жекшенбек Мамбеталиевдин 35 кою жана 1 жылкысы кутурма оорусуна байланыштуу кечээ, 2-мартта жок кылынды. Мындай маалыматты бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына аталган айылдын башчысы Руслан Түнкатаров билдирди.

Жекшенбек Мамбеталиев

Берилген маалыматка ылайык, кутурма оорусу башка дагы үй-бүлөлөрдүн мал-жандыктарынан аныкталып, алар менен чогуу ит-мышыктар да жок кылынган.

Тоң районунун ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча башкармалыгынын башчысы Серең Жумакадыров ветеринардык, санитардык эрежелерге ылайык, оору тийген малдар жансыздандырылып, өрттөлүп андан соң көмүлгөндүгүн билдирди.

Анын айтымында, кутурган карышкырдын кол салуусунан улам айыл боюнча жалпысынан 35 кой, 8 жылкы, 1 эшек, 261 ит жана 45 мышык жок кылынган.

Карышкыр ушул жылдын 5-февраль түнү айылга кирип келип бир канча малга кол салган. Анын эртеси күнү малга тийген карышкырдын бири айылдыктар тарабынан өлтүрүлгөн. Аталган башкармалыктын кызматкерлери Ысык-Көл облустук дартты аныктоо борборуна текшертишкенде карышкыр кутурма оорусун алып жүргөндүгү аныкталган.

“Окуя болгон түндүн эртеси дагы 2 карышкырды тоо жакка чыгып атышкан, бирок ок чала тийип кармай албай калышыптыр. Кийин Ала-Баш айылындагы Кыргоо жайлоосунда 2 жылкыга кол салып жаткан жеринен атып өлтүрүшкөн. Ошондой эле Четинди айылында дагы 2 карышкыр койго кол салып жаткан жеринен айылдыктар тарабынан өлтүрүлдү. Аларды текшергенибизде кутурмасы жок болуп чыкты. Оору тийген малдарды жок кылуу, дарттарын аныктоо иштерине Калкагар айылынын ветеринардык врачы Жайлоо Бокуев активдүү иш алып барды”, - дейт Серең Жумакадыров.

Ал белгилегендей, адегенде кутурган карышкыр тиштеп кеткен малдын баары жок кылынып, алар менен бир короодо болгон мал башка жандыктар менен аралашпай тургандай абалда, көзөмөлдө турду. Карышкыр кол салгандан 20 күндөн кийин малдардын кутурма оорусунун белгилери пайда болгон. Мындан улам мал ээлеринин макулдугу менен жок кылуу иштери жүргүзүлгөн. Учурда Калкагар айылындагы малдардын баары кутурмага каршы эмдөөдөн өткөн, эми коңшу айылдагы жандыктарды эмдөө иштери жүрүп жатат.

“Кутурма тийген койлор сүзгүлөнүп, тынч тура албай калат, мал ээлерине коркунуч жаралып жатты. Кутурма илдети менен күрөшүү оор, аны жок кылуу мүмкүн эмес. Кутурма – табийгый оору. Жапайы жандыктар – түлкү, карышкыр, чөө, суур жана башка жаныбарлар бул илдетти алып жүрүшөт. Алар дайыма бири-бири менен байланышта болгондуктан, кутурма жапайы жаныбарлар арасында бат таркайт”, - деп кошумчалады С.Жумакадыров.

Кутурган карышкырдын кол салуусунун кесепетинен ири чыгымга туш болгон Жекшенбек Мамбеталиевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:

“Биздин Калкагар айылы тоолуу аймактардын катарына кирет. Айылда буудай, арпа, деги эле эч кандай өсүмдүк өспөйт, мал багып, күн өткөрөбүз. 5-февралда таңкы саат беште, короого чыккам. Бул учурда короого карышкыр кирип, 6 койду тиштеп салыптыр, жылкыма да тийиптир.


Азыр короодо бир да малым калган жок. Бул малды ортончу уулум Улан Якутияда иштеп келип сатып алганбыз. Айылда жумуш жок болгондуктан, жубайым экөөбүз тең үйдө отурабыз, эми киреше булагыбыздан айрылып калдык. Көп койлор төлдөйүн деп калган.

Жалпы чыгымды эсептеп чыксам 250 миң сомдун тегерегинде зыянга учурап отурам. Азыр айыл өкмөткө жардам берер адам барбы деп кайрылып жатам. Кайра ушунча малды калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан бул маселени чечип бере тургандарды издөөгө мажбурмун".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.03.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айылдыктар бирден кой же козу берип каралашса болчудай экен оздору атайылап кылган жок да, андан ары улап алышар, багы жокко дагы жок болуптур.
03.03.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Siren90, en tuura oy! Aiyldyn adamdary booruker, biri birine kuyumduu bolot men da ishenem jardam berishet dep.
03.03.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эхх бир адамдын бир омурлук тапканы жок болуптур
04.03.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми ошол эттерди комуп жок кылды бекен же акчага кызыгып базарга откордубу?Аллах сактасын акча учун андай кылбаган болгула да.Башка адамдарга зыян жеткирбей
04.03.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын, кантип эле базарга өткөрсүн кутурма экенин билип туруп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: