super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Пикап - бул кыздарды эритип, өздөрүнө сүйдүрүп алуу ыкмаларын үйрөтөт"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Пикап жөнүндө..." деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Пикап - бул эркек балдарга кыздарды эритип, өздөрүнө сүйдүрүп алуу ыкмаларын үйрөтөт".

"Досум экөөбүз алдыбызда бараткан кызга тийишип "крылолору" сонун экен, арткы "бамперлери "дутый" экен" деп айтып бара жатсак, ал кыз бизге бурулуп "фараларым" ажайып бекен?" деп бакырайып тиктеп койсо, экөөбүздүн оозубуз ачылып, күлгөн боюнча калып калганбыз".

"Бир жолу аялдамада сулуу кыз туруптур. Унчукпастан барып, көтөрүп айлантып "Фатима, кандайсың, жаным? Мен сени сагындым" деп кызга сөз бербей эрининен өөп, катуу кучактап алдым. Ал дагы таң калганынан өзүнө келе албай "кечиресиз, мен Фатима эмесмин". Мен калп эле "Фатима, мени тааныбай калдыңбы?" десем, сулуу кыз мага "жок, сиз жаңылышасыз, мен Фатима эмесмин" дейт. Анан "кечирип коюңуз, менин кызым сизге окшош экен" деп койдум. Ага жагып калдым окшойт, экөөбүз тез эле тил табышып кеттик. Азыр экөөбүз сүйлөшүп жүрөбүз".

"Үстүнкү кабаттагы кошунам өзүнүн жууп, жайып койгон кирлерин биздикине атайылап ыргыта берчү. Мени карап турчубу, билбейм, үйгө кирерим менен "байпагым түшүп калыптыр" деп жетип келчү, унчукпастан берип койчумун. Үйдөгүлөр "тааныш же кир кыпчыткыч алып бер" деп күлө беришчү".

"Нан көтөрүп келе жатсам, бир жигит мени карап "элдей эле нан жейт экенсиз, мынча каадаландыңыз" дегенде күлүп жибергем. Ошентип таанышып калганбыз".

"Метродон бирөө улам-улам карайт. Чыгып баратсам кошо чыгып, мага "балмуздак алып берсең таанышам" дейт. "Эмнеге мен?" десем, "анда мен алып берем, сенин таанышпаска айлаң жок" деп жатпайбы..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
03.03.2017. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман апкачат бекенсинер
03.03.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай жакшы жигиттер ушунтип кыздын конулун тапкан эхххх жаштык кез кайра келсего
03.03.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayida,жаш эле экенсизго
04.03.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zynk.kg,Бойдок кез оттуда азыр эми балалуу болуп калган убакыт да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: