super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга жооп": Баласынын ичи ириңдеп кеткен эне дарыгерлерге доосу жок экенин билдирген

 

Ош облустар аралык балдар клиникасынын хирургия бөлүмүндө 2016-жылы 8-декабрда операция жасалган баланын абалы оорлошуп кеткенин окурман 1-мартта кабарлаган. Окурмандын айтымында, анын уулуна операция жасаган дарыгерлер кош көңүл мамиле кылышкандыктан, ичи ириңдеп кеткен.

Эскерте кетсек, бул окуя тууралуу өткөн жылы 21-декабрда да "Элдик кабар" рубрикасында жарыяланган. Анда 27-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова маалыматтарды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлаган.

Саламаттыкы сактоо министрлигинин Дарылоо башкармалыгынын башкы адиси Эльнура Боронбаева операция жасаган дарыгерлер боюнча комиссиянын чечими чыгып, дарыгерлердин бири сөгүш алса, экинчиси эскертүү алганын бүгүн, 3-мартта билдирди.

"Уулу операция болгон Жаркынай Көчөрова алгачкы жолу нааразы болгондо ооруканада ички комиссия түзүлүптүр. Комиссия мүчөлөрү ага жолугушканда, ал операция жасаган дарыгерлерге доосу жок экенин жазып бериптир. Азыр ал комиссиянын жыйынтыгы чыгып, дарыгерлердин бирине К.Ага сөгүш жарыяланып, У.Жге эскертүү берилиптир. Бирок мындай окуяда ички комиссия эле карабашы керек, андыктан жыйынтыгын кайрадан биздин башкармалык карамай болду. Оорукананын жетекчилигине да, бул тууралуу эскертилди", - дейт Боронбаева.

"Дарыгерлер жумуш ордунан кетиши мүмкүн эмес. Себеби учурда бейтаптын абалы жакшы. Ал ооруканага өтө начар абалда түшкөн экен. Ата-эне да бул жерде баланын оорусун көпкө чейин байкабай жүрө беришкен. Дарыгерлер тиешелүү жардамын көрсөтүшкөн. Ал эми аларга көрүлө турган чара дагы да каралат", - деп кошумчалады башкы адис.

Дарыгерлерге доосу жок экенин жазган Жаркынай Көчөрова өз билдирүүсү тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

"Элдик кабарга" чыккан соң алар менин баламды жакшылап карап, айыктырып беришерин айтышкан. Ошондо доом жок экенин жазып бергем. Карап жатышты. Акыркы жолу 29-декабрда алып баргам. Абалы жакшы эле болуп калган. Бирок Жаңы жылдан кийин эле кайра ириңдеп баштады. Кайра ооруканага алып бардым. Көрсө операциядан кийинки жипти организм кабыл албай жатыптыр. Дарыгер "мындай боло берет, өзү тарайт" деп койгон. Температурасы көтөрүлүп жаткандан башка дарыгерге барсам, "жип кабыл алынбай жатат, алып салыш керек" деп, операция болгон жерин ачканда, сасык жыт чыкты, ириңдеп кетиптир".

Жаркынай Көчөрова оорукананын жетекчилигине эми 2 талап коюп жатканын билдирди.

"Көп убактан бери алышып жүрүп, психикалык жактан да, материалдык жактан да жабыркадык. Биринчи талабым, чыгымдарды төлөп беришсин. Экинчи талабым К.Анын ээлеп турган ордун карашсын. Билем ал илимдер кандидаты, бирок анын бейтаптарга кылган мамилеси өтө начар", - деди Көчөрова.

Ошондой эле ал операция жасаган учурда оорукананын кассасына төлөгөн каражаттан тышкары, 2 дарыгерге 1500 сомдон, анестезиологго 1000 сом берүү керек болгонун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.03.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой тобаааа ошончо жардам берсе да акча талап кылат врачтар бар жашап жаткандыр.
03.03.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул аялда кудайдан корксо болот баласынын оорусуна кош конул болгон экенда озу биринчи эми акча талап кылганын кара. Андан коро баласынын омурун тилебейби. Ошол акчаны мен эле берейинчи номерин жазсынчы?
04.03.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koldon kelishnche jardam berili nomerindi jonontchu
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: