ЖЫЛНААМА, 3-МАРТ: 25 жыл мурун Орусиядагы поезд кырсыгынан 43 адам көз жумган

Мындан 25 жыл мурун, 1992-жылы 3-мартта Орусиянын Тверь облусундагы Подсосенка айылында поезддер кырсыгы катталган. Ал күнү таңкы саат 05:15 чамасында жүргүнчү ташуучу поезд менен жүк ташуучу поезд сүзүшүп, өрт вагондордун ичине бат эле жайылып кеткен. Бул кырсыктан улам 43 адам каза болгон, 108 адам ар кандай жаракаттарды алган. Адистер поезддердин сүзүшкөнү боюнча 3 версияны карап жатышат. Биринчиден, жүргүнчү ташуучу поезддин машинисти уктап калышы мүмкүн. Бул жоромол чындыкка жакын деп саналат. Экинчиден, жүк ташуучу поезддин тормозу иштебей калган деген версия айтылууда. Ал эми 3-версияга ылайык, станциянын кызматкерлери кырсыктын алдын албай коюшкан.
3-мартка карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.