Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучуларынын мушташы боюнча кылмыш иши козголду
Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучуларынын мушташы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, катталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта мектептерде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, окуя 2-март күнү түшкө маал Спутник кичи районундагы бош имараттардын биринде болгон. Анда №19-мектептин окуучусу №9-мектептин эки окуучусун бычактап салган. Алардын биринин абалы оор болсо, бири жеңил жаракат алган. Бул кылмышка шектүү катары №19-мектептин 9-классынын окуучусу кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















