Депутат: "Кыргыз-Орусиялык өнүгүү фонду Кыргыз мамлекети менен Орусиянын соода мамилесин өнүктүрүүнү артка тартууда"
"Кыргыз-Орусиялык өнүгүү фонду Кыргыз мамлекети менен Орусиянын соода мамилесин өнүктүрүүнү артка тартууда", - деди бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов.
Буга фонддун башкаруу кеңешинин мүчөсү Эркин Асрандиев жасалып жаткан иштерди атап, төмөнкүдөй жооп берди: "Уставга ылайык, Кыргыз-Орусиялык өнүгүү фондунун каражаты 3 багытта жумшалышы керек. Биринчиси - Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо, экинчиси - өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүн жеңилдетүү, үчүнчүсү - өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилени өнүктүрүү", - деп түшүндүрдү Асрандиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















