super.kg logo
  Саясат  

Министр Талантбек Батыралиев "отставкага кетпөөнү чечтим" дейт

 

Cаламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өзүнө айтылган сындардан кийин билдирүү жасады. Кечээ, 3-мартта парламентте КСДПнын 7 депутаты "министр отставкага кетсин" деп чыгышкан эле. Министр өзүн кызматтан кетирүүгө кызыкдар депутаттарда жеке таарыныч болушу мүмкүн экенин кыйытты.

"Бардык реформалар - татаал иш. Баарына жагуу мүмкүн эмес. Кимдир-бирөөнү кызматка дайындаганда же кызматтан алганда дайыма нааразылар чыгат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун текшерүүдө каржылык мыйзамсыз иштери далилденгендердин башынан сылоого милдеттүү эмесмин. Онкология кызматтарынын биригишин туура жана келечектүү кадам деп эсептейм, Онкология борборунун жаңы жетекчиси балдар онкологиясындагы көйгөйлөрдү жакын арада чечет. Кайсы бир учурда өтүнүчтөрүн аткарбай койгонума карабай менин ишиме жакшы баа берген депутаттарга ыраазымын - дейт Батыралиев.

Министр дарыгерлердин айлыгын көтөрүү боюнча популисттик кылбоо керектигин айтат.

"Айлыктарды көтөрүүнү экономиканын өсүшүнө байланыштуу кароо зарыл. Мен эртең айлыктар 30 пайызга көтөрүлөрүн жарыялайын, бирок акчаны кайдан табам? Медициналык окуу жайдын бир дагы бүтүрүүчүсү 5 миң сомдук айлыкка иштегени барбайт. Кыргыз медицинасында көйгөйлөр көп. Мен мындан ары да ишимди улантуу чечимине келдим, анткени мамлекеттик кызмат - таарынып отура турган жер эмес. Ар бир адам жеке көз карашын айтканга укуктуу, ал эми менин берген убадаларымды аткарбай коюуга укугум жок", - дейт министр. .






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: