super.kg logo

Бишкектин Чүй-Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде курулушка жашоочулар нааразы

 

Бишкекте Чүй-Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушка жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдиришүүдө.

"Кербен" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү курулушка жашоочулар ошондой эле Бишкек архитектура курулуш башкармалыгы уруксат берген дешүүдө.

Свердлов районунун архитектору Азамат Каныбек уулу "Кербен" курулуш ишканасы куруп жаткан имарат мыйзамдуу экенин кошумчалады. "Жергиликтүү жашоочулар менен пикир келишпестиктер болгондуктан курулушту 2017-жылдын январь айында токтотконбуз. Бирок иш жүрүп жатыптыр. Ал тургай биз курулуш токтобой жатканы боюнча Свердлов райондук администрацияга, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга кайрылганбыз", - деди Каныбек уулу.

"Бул курулушка жашоочулар макулдугун берген эмес. "Кербен" курулуш ишканасы 200дөй адамдын макулдугу берилген документ алып жүрөт. Мында кол койгондордун арасында 3 жыл мурда өлгөндөр бар", - деп билдирди укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.

"Бул курулуш боюнча материалдарды прокуратурага өткөрүп беребиз. Алар өздөрүнүн баасын беришет. Ал эми райондук администрацияда курулуш ишин токтотууга мүмкүнчүлүгү жок. Биз жөн гана көзөмөлдөй алабыз. Жашоочулардын кызыкчылыгын эске алып, бул ишти ар тараптан карап чыгып, тийиштүү кызматтар менен жөнгө салабыз", - деп билдирди Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков.

Эске салсак курулушту токтотуу боюнча кайрылууну архитектура башкармалыгы Свердлов районунун администрациясына 2017-жылдын январында берген. Бирок райондук администрация январь айынан бери эч кандай аракеттерди көргөн эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: