Талас. Интернаттын эмгек жамааты ачкачылык акциясын улантышууда
Талас облусунун Кумарык айылындагы акыл-эс жана физикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернатынын жетекчилиги жана эмгек жамааты аларга болгон кылмыш иши атайын жасалган дешип ачкачылык акциясын улантышууда. Белгилей кетсек, бул интернатка 2012-жылдын 31-мартындагы марафондон түшкөн 50 миң сом акчаны эмгек жамааты жеп алды деген айып тагылып, интернаттын директору Кенжаалы Орозалиев 28-сентябрда ээлеген кызматынан бошотулган. Экс-директор маалымат-жыйын өткөрүп, каражаттардын бардыгы балдарга жумшалгандыгын билдирген. Нааразы болгон интернаттын экс-жетекчиси, тарбиячылары жана мугалимдеринен турган 24 адам, 19-октябрдан бери акыйкат үчүн ачкачылык акциясын башташып, азыркы учурда алардын экөөсү комадагы абалында ооруканага жаткырылып, 4 адам акцияны улантыша берери да маалым болду.
Автор: Нургүл Чабдарова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















