7-мартка чейин Бишкек-Ош трассасынын айрым жерлери маал-маалы менен жабылып турат
4-марттан 7-мартка чейин Бишкек-Ош трассасынын 132-137, 198-255-чакырымдарында кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иштери жүрөт. Бул тууралуу 4-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Аталган иш-чараны министрликтин ыкчам тобу жетектеп, бул ишке өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын артиллериялык күчү тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан тилке убактылуу жабылат. Транспорт жана жол министрлиги кар көчкүнү атып түшүрүүдө өз убагында жолдогу карды тазалоону камсыз кылат. Ички иштер министрлиги кар көчкүлөрдү түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат. Саламаттыкты сактоо министрлиги иш-чаранын аякташына чейин артиллериялык топту коштоп жүрүүгө медицина кызматкерлерин бөлүп бермекчи.
