super.kg logo

Учак кырсыгы болгон айылдын тургундары "талабыбыз орундалбаса, өзүбүздү өрттөйбүз" дешүүдө

 

Бишкектин четиндеги Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында бүгүн, 5-мартта учак кырсыгынан каза болгондорго багышталып түлөө өткөрүлдү.

Айыл жашоочулары мал союп, куран окушту.

"Бул айылда 10 жылдан бери жашайм. Буга чейин жакшы эле жашачубуз. Кырсыктан кийинки абал ден соолугу начарларга терс таасирин тийгизип жатат. Бийлик элдин абалын сурабай койду. Элди саясатка аралаштырбасын. Биз тополоң кылып, митинг өткөрүү оюбузда жок. Айрым жетекчилер жерди басып алды деп жатышат. Биздин үйлөрдүн кызыл китептери бар. Биздин элдин талаптарын аткарып тезирээк жакын жерден жер берип көчүрсө болот эле. Эгер өкмөттүн мүмкүнчүлүгү болсо көп кабаттуу үй салып жайгаштырып койсо гектарлаган жер үнөм болмок. Ошол эле учурда бир айылдын эли ар тарапка чачырабайт эле", - деп билдирди айылдын аксакалы Бейшен Ырысалиев.

"Үйлөрдүн дубалдары жарылып, айнектери сынып кеткендерди комиссия жабыркагандардын катарына кошпой жатат. Мен азыр арсар ойдо турам. Курулуп жаткан үйүмдү бүтөрсөмбү деп жатам. Бирок эртең көчкүлө десе чыгым болуп калбайын деп да ойлонот экенсиң. Өкмөт да элге эртерээк жооп айтпады", - дейт жергиликтүү тургун Малика Усенова.

"Өкмөт элдин талабын аткарбаса, өзүмдү өрттөгөнгө даярмын. Мен эл деген адаммын. Элдин көйгөйүн көрүп туруп чыдай албай кетем. Менден башка да балдар ошондой кадамга баруу алдында турушат", - деп билдирди айылдын дагы бир жашоочусу Руслан Казыбеков.

Айыл тургундары күн өткөн сайын унутулуп калбасак болду дешүүдө.

"Элдин ден соолугун карабай жатышат. Эми жаз алды менен жерден түшүм ала албай калуу коркунучу турат. Анткени төгүлгөн күйүүчү майдын терс таасири тиет. Буга чейин бийлик өлгөндөрдү жайгаштыралы, кийин кыркы өтсүн деди. Мына кыркы да өттү. Дагы да элди көчүрүү талабы аткарылбай же чогулган каражат берилбей жатат", - дейт айыл тургуну Дамира Сүйүналиева.

"Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевге, Өмүрбек Бабановго добуш бергенбиз. Депутаттар кырсык болгон жерге кадам басып келген жок. Бабанов жок дегенде эфирден чыгып сүйлөп койгон жок. Убагында шайлоо алдында анын тарапташтары үймө-үй кыдырып шайлап бергиле деп жүрүшкөн. Биздин көйгөй тууралуу депутаттар үн катпай отурушат. Биздин айылга, кырсык болгон жердеги 265 кожолукка статус бериштин кереги жок. Биз бул жерден көчөбүз", - деп кошумчалады Малика Усенова.

Жергиликтүү жашоочулар электр энергия үчүн жаңы тариф киргизилгенден бери 1 киловатт-саатына 87 тыйындан, 700 киловаттан ашса 2 сом 46 тыйындан төлөп келишээрин айтышты.

"Биз башкаларга караганда электр энергияга көп төлөп жатабыз. Текшерүүчүлөргө кайрылсак аэропорттон алганыңар үчүн ошондой төлөм болот дешти. Аэропорттун электр кызматы менен ошондой келишими бар экен. Элге жеңилдик кылыштын ордуна тоноп жатышат", - деп кошумчалады Бейшен Ырысалиев.

Учак кырсыгы болгон жерде жолбун иттер көбөйгөнүн жергиликтүү жашоочулар айтышууда. "Сокулук районунун акими эл менен жолугуп кырсык болгон жердеги жолбун иттерди атып жок кылам деп убада берди эле. Андан бери 1 айдан ашуун убакыт өттү. Аким элди алдап кетиптир. Жолбун иттер жашоочуларды тиштеп зыян келтирген окуялар болууда", - деп кошумчалады Руслан Казыбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(57)
05.03.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Эхх эмне дешти билбей калат экенсин баары жакшы жагына чечилет деп ишенем Алмазбек Атамбаев айтып эле жатат угуп калам теледен ,интернеттен жанындагылар аткарбай жатышатго деген ойдомун
05.03.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
zhykyo,айтса эле аткарылмак да.ал каякка жумшап не бутуруп алсам экен деп планы бутпой жатат
05.03.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Озунорду орттоп жанынарды кыйнаганда пайда жок. Текебаевдин чыгышын куткуло
Satana түзөттү 2017-03-05 17:59:10
05.03.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Кыргыз элим негизи Текебаевдин кадырын билиш керек
Satana түзөттү 2017-03-05 17:19:31
05.03.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Satana,Текебаев сурап барды бекен?Эл мн суйлоштубу?Бирок отставкага деле келип калды жашы.
05.03.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Satana, tekebaievdi saga okshogon ХХХ kalgandar ele bilbese soo elder kadyryn bilbeit, prezident bolot imish tuulgan jeri ele koldoboso est ji
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-06 09:07:29
05.03.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Satana, кыргызга ХХХ камалып жок болсо оноло тургандай сезилет да . Туура айтасын
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-06 09:07:47
06.03.2017. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Satana,тура айтасын еки колдоп колдойм Текебаевти
05.03.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
zhykyo, жакындары кылбай жаткан болсо эмне кылбайсын деп айтыш керек да текшериш керек президенттин созу эки болбош керек иштен айдаш керек
05.03.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zhykyo, атамбаев качан айтты кочуром деп?
05.03.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Бул жер боюнча бир текебакв айты окшойт калгандары коруп олтурат
05.03.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн туура талап.чынында унутулуп калды го ,бул окуя болгонуна жакында 2ай толот.уят чондорго.90млндон ашыптыр топтолгон каражат.каякка жумшашты билбей калыштыбы?Текебаевди жалко камады да.ошол чукуп туратле.бир жумада чечилет дешти эле акчаны кимдерге качан берилерин.кайсы жуздору менен отурушат бийлик.Ашаны кууш керекпи же
05.03.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Ал 90миллион сомду кырсыкда жабыр тарткан ишкерге берилет деп койбосо эле!
05.03.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Тараткыла жардамга чогулган акчаны же эмне оштогудай кылып уурдатып ийдик деген турасынарбы? Жарылып олгудой эле болдунарго жеп атып,болдуда токтотпойсунарбы тырмагынардын учуна чейин акча жей турган курсак болсода!!! Элдин суранычын,талабын аткаргыла ошончо бейкуноо адамдардын арбагы тынч уктатпайт!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: