super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Үрүмчүгө Кыргыздын оор жүк ташуучу унаалары киргизилбей жатканы боюнча Кытайга расмий кат жөнөтүлөт

 

1-мартта окурман WhatsApp аркылуу Кытайдагы Үрүмчүгө Кыргыз өлкөсүнөн барган айрым оор жүк ташуучу унаалар киргизилбей жатканын кабарлаган.

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт мамлекеттик агенттиги бул тууралуу кабар түшөрү замат, 1-мартта төмөнкү мекемелерге кат жолдогонун SUPER.KG'ге билдирди:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына азыркы абал тууралуу;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Бишкектеги Кытай Элчилигине бул маселе боюнча расмий түшүндүрмө алууга кат жолдоо тууралуу;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Синьцзян-Уйгур автономдук районунунун Транспорт Департаментине дипломатиялык каналдар менен агенттик жазган катты жөнөтүү тууралуу;

"Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Транспорт Департаментине жазылган катта прицеби брезент менен жабылган оор жүк ташуучу унаалар эмне себептен киргизилбей жатканына түшүндүрмө берүүнү өтүндүк. Ошондой эле анда, 1994-жылы 4-июндан тарта Кыргыз Өкмөтү менен Кытайдын түзүлгөн келишиминин 5-беренесинде эки өлкө ортосунда жүк ташуу, келишим түзгөн тараптардын компетенттүү органдары тарабынан берилген уруксаттарга ылайык, жүргүзүлөрү бекитилгени баса белгиленди. Келишимде жүк ташуучу унаалардын прицептеринин конструкцияларына чек коюлган эмес", - деп билдиришкен департаменттен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: