super.kg logo

"Кыргыз чоролору" эки чиновникти жумуштан айдоону талап кылышууда

 

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин жоопко тартылышын талап кылышууда. Алар бүгүн, 6-мартта Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Активисттер "Улуттун генофонду коркунучта!" "СДПК уурулардын уюгубу?", "Т.Батыралиев ууру жана алдамчы", "Уурунун орду түрмө!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.

Аталган уюмдун төрагасы Кубанычбек Дүйшеевдин айтымында, алар мөөнөтсүз митинг жарыялайт. Мындан тышкары, алар Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовду дагы жоопко тартууну талап кылышууда.

"Рустамов экологияны талкалаганын экологдор айтып жатат. Биз ушу эки аткаминерлерди кызматтан кетирүүнү талап кылабыз", - деди ал.

Эске салсак, буга чейин бирикме саламаттыкты сактоо министринин отставкасын талап кылып эки жолу митингге чыккан. Өткөн жумада Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы министр Батыралиевдин ишин канааттандырарлык эмес деп баалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.03.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ноокат районунун глав врачын да жумуштан алыш керек!Канча жылдан бери иштеп жумушчуларды кыйнап бутту.Ар келген комиссияга акча топтомой.Дагы баласы депутут.Асамидин Мариповду да алыш керек.Озу айлык 4,500болсо.Ушундайларды да карасанар жакшы болмок.
06.03.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озгон районунун главрачын да жумуштан алуу керек. больницага ишин тушсо баары акча дешет, радомго кирсен уборщицасынан баштап, врачына чейин акча алат. акча бербесен карабай эле койушат. буга Эл деле конуп буттугооооо!
06.03.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи митинг кылган патриоттордун патриоттук сезими жазында кун жылыгында гана ойгонобу же кышында суукта патриоттук сезим тонуп калабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: