super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Баткен коогалаңында каза болгондорду эскерүү күнү белгиленди

 
Нарында Баткен коогалаңында каза болгондорду эскерүү күнү белгиленди. Бүгүн саат 10:00дө Нарын шаарынын И.Раззаков аймагындагы “Жеңиш” сейил багында жыйын өтүп, Нарын облусундагы Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү К.Муратбеков Баткен коогалаңынын катышуучуларына грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. 2 жылдан бери 25-октябрь - Баткен коогалаңынын катышуучуларынын күнү деп белгиленип келет. Бул күнү элдин биримдигин сактап, тынчтыкты коргогон жоокерлердин башы биригип, коогалаңдан каза тапкан жоокерлерди эскерүү болот. Нарын облусу боюнча Баткен коогалаңынын катышуучуларынын төрагасы Калыгул Жакыповдун айтымында, облус боюнча 450 катышуучу бар. Алардын ичинен курман болгондору 7, ал эми 2 атуулубуз жаракат алган. "Катышуучуларга жергиликтүү бийликтен көңүл бурулат, бирок мамлекеттик деңгээлде эч кандай жардам көрсөтүлбөйт. Жыл сайын 25-октябрда гана эсине албаса, жардам жок. Андан кийинки эле ички талаш-тартыш, мыйзамсыз пикеттердин катышуучуларынын туугандары деле үй, акчалай жардамдарды алып жатышат, ал эми бизге көңүл бурулбай жатат",- деп белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: