Алмазбек Атамбаев: "Тоону томкоро турган эркектер иштебей, бөтөлкө менен достошуп жүрүшөт"
Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 128 жаранга мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземи өтүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев сыйлык ээлерин куттуктады. Өлкө жетекчиси бүгүн сыйлык алчу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды баса белгилеп, алар менен сыймыктанарын айтты.
"Мен мындай адамдар менен сыймыктанам. Булардан үлгү алышыбыз керек. Тилекке каршы, арабызда тоону томкоро турган эркектер ар кандай шылтоо айтып иштебей жүрүшөт. Кээ бири берки бөтөлкөсүн таап алып жыргап жүрүшөт. Жалкоолуктан уялыш керек. Айылымда бир байке бар, совет кезинде, Акаев, Бакиев маалында эле иши жок, үй-бүлөсүн бага албай жүрчү. Бүгүн деле ошондой. Атын айтпай эле коёюн, таарынат", - деди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
2

Руху бийик учун сақталып келебиз.Аткаминерлер эч кандай эл учун иштеп жаткан жок,тескерисинче 100 грамм
Ичкиле деп терс жакка ундогондор бар.
Арабызда бизнес баштап 0 дон баштагандарды коруп эле жатпайсынарбы.
Башты иштетсек баары болот,албетте жумуш орундары да керек,заводдор фабрикалар дегендей,бирок ачылган заводдорду да соо койбой кайра жаптырып жатышат,ошол эле эл.
иш орундары менен камсыздаңыз ошондо жемелесеңиз болот. Акча үнөмдөйбүз деп канча деген мамлекеттик кызматкер "оптимизация" деп жумушсуз калды? Эптеп үй бүлөө багам деп Россияга кетип жатышат, миграннтардын санын көбөйтүп.