super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо-2017: Путин Сапар Исаковдун аброюн дагы өстүрдү

 

SUPER.KG порталында быйылкы жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кезектеги айлампасы жыйынтыкталды.

Өткөн 2 жума ичинде сурамжылоонун мурдагы айлампаларындай эле алдынкы бештикти Чубак Жалилов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев жана Сапар Исаков багынтышты. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин командасындагы мамлекеттик ишмер, саясатчылардын арасынан Исаков алдынкы бештикте ишенимдүү келе жатат. Мурунку өкмөт башчы Темир Сариев бул ирет алдынкы 5 саясатчынын катарына кире албай калды.

Акыркы күндөрү жылдызы жанган Сапар Исаков тууралуу өзүнчө сөз кылууга болот. Дүйнөлүк лидерлердин бири Владимир Путин Бишкектеги иш сапарында Сапар Исаковго карата өзгөчө жылуу мамилесин көрсөтүп кетти. “АКШда Дональд Трамптын президенттик жарышта утуп чыгышына Путин таасир этти”, - деген ой-пикирлер басылмалар беттеринде дале талкууланууда. Ири державага караганда союздашы болгон Кыргыз өлкөсүнө таасир этүү Орусиянын башчысы үчүн кыйын эмес болушу мүмкүн. Өлкөбүздө карапайым калктын арасында Путинге карата сый-урмат жогору. Путин келип кетери менен эле Сапар Исаковдун президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалышы жөн эместигин саясий элита түшүнүп турат. Андыктан президенттик аппараттын башчысынын рейтинги мындан ары тездик менен көтөрүлө баштайт деп күтүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: