super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте эртең Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

 

Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчылары эртең, 2017-жылдын 7-мартында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине төрагалыгынын алкагында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения Республикасынын премьер-министри Карен Карепетян, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышат.

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны тар чөйрөдө жана кеңири курамда өтөт. Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагындагы маанилүү маселелер талкууланат. Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: