Башкы прокуратура Иса Өмүркуловго тиешелүү материалдарды Аида Саляновадан сурады
Үстүбүздөгү жылдын 1-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова Иса Өмүркуловго карата башка материалдар болгонун жана ал материалдар боюнча эмнеге чара көрүлбөй жатканын айткан. Башкы прокуратуранын бүгүн, 6-мартта тараткан билдирүүсүнө караганда, Иса Өмүркуловго козголгон кылмыш иши боюнча сотто каралган материалдардан башка материалдар жок.
"Иса Өмүркуловго байланышкан башка материалдарды алып келип берүү боюнча Аида Саляновага кат жөнөтүлдү. Ал материалдардын негизинде укуктук баа берилип, тиешелүү текшерүүлөр жүрөт", - деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

