super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 6-МАРТ: "Реал Мадрид" футболдук клубунун түзүлгөнүнө 115 жыл болду

 

Мындан 115 жыл мурун, 1902-жылы 6-мартта "Реал Мадрид" футболдук клубу түзүлгөн. Анын "ата-энеси" болуп 1896-жылы түзүлгөн "Футбол скай" клубу саналат. Бирок расмий түрдө "Реалдын" туулган күнү деп 1902-жылдын 6-марты кабыл алынган. Ошондо жаңы түзүлгөн командасына ага-ини Падрос менен Хулиан Паласиостор "Мадрид футбол клубу" деген ат коюшкан. "Реал" деген аталышына 1920-жылы Испаниянын падышасы Альфонс XIII "Падышалык клуб" наамын ыйгаргандан кийин ээ болгон ("real" сөзүн испанчадан которгондо "падышалык" дегенди билдирет. Ал латынча "regalis" - "падышалык" деген сөздөн келип чыккан).

ФИФА "Реалды" "ХХ кылымдын мыкты командасы" деп тапкан. Көп жылдардан бери "Реал" дүй­нө­нүн мыкты футболчуларын сатып алуу жагынан эч кимди алдына салган эмес. 2000-жылы "Реалдын" президенттик кызматына амбициясы күч болгон Флорентино Перес келип, командага планетанын мыкты футболчуларын чогултууну чечет. Бул максатта алгач 71 миллион евро коротуп, португалия­лык Луиш Фигуну сатып алган. Фигунун артынан командага Зинедин Зидан келип кошулган. Анын трансфери 75 миллион еврону чапчыган. Дагы бир жылдан кийин Мадридге Роналдо, Дэвид Бекхэм жана Майкл Оуэн көчүп келген. "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган бул футболчулардан чогулган команда "Галактикос" деп атала баштаган.
2006-жылы Перестин ордуна Роман Кальдерон келет. Кальдерон ошондо командага жаңы чыгып келаткан жылдыз Криштиану Роналдуну алып келүү убадасын берип, упай топтоп бийликке келген эле. Бирок анын тушунда күйөрмандар "Сантьяго Бернабеудан" Роналдунун оюндарын көрө алышкан жок. Тескерисинче, Кальдерон Перестен калган "мурастарды" (Бекхэм, Роналдо жана башкалар) сатып жиберген. Натыйжада ал 2009-жылы отставкага кетип, "Реалга" кайрадан Перес келет. Ал чү дегенде эле көнгөн адатын баштайт. Кака үчүн 68 миллион, Роналду үчүн 93 миллион евро аябайт. Аталган эки мегажылдыздан тышкары командага Рауль Альбиоль менен Карим Бензема келип кошулат. Ошондой эле ири сатып алуулардын катарына "Ливерпулдан" Хаби Алонсонун келишин да кошсок болот.
"Реалдын" легендага айланган улуу оюнчуларынын катарына Замора, Раймон Копа, Ференц Пушкаш, Альфредо Ди Стефано, Гарсия Ремон, Пауль Брайтнер, Рауль жана башкалар кирет. Раулду "Реалга" 16 жыл өмүрүн арнагандыгы үчүн "команданын иконасы" деп аташат.
"Реал Мадриддин" мыкты көрсөткүчү деп ушуга чейин 11 Чемпиондор кубогун утуп алгандыгын айтса болот.

6-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(17)
06.03.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Реалчыларды куттуктайм Ертенги оюнда реалга ийгилик
06.03.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kairatrma7,рахмат
06.03.2017. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
РЕАЛ МАДРИД
Туулган күнү мн куттуктайм!
Akjigit.7 түзөттү 2017-03-06 21:56:09
06.03.2017. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эртен реал менен ким ойнойт.канчада
07.03.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Attila88, Реал менен наполи ойнойт ответный матч. Саат Московское время боюнча 23:00
06.03.2017. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
барсадан жаш баары бир
07.03.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
elmurat.kg, барсадан жаш болгоеу менен барса Реалга уке болот да)
07.03.2017. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
elmurat.kg,барсан карып калган эртен лигадан ыргыйт буйурса ПЖС 5 0 менен утуп койдуго ха ха
07.03.2017. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taku.14.02, дагы зордуктоо болот 8 мартга карата ахахах)
06.03.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реал Наполи менен ойнойт.Ийгилик Кросс менен Бейлдан гол кутом
07.03.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Barca 92 kubok utup birinchi jurotko
07.03.2017. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mir17,кубок эчтеке эмесго эртен лигадан ыргыган атат го
07.03.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Realda 82
07.03.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эми ушуга да минус баскыла ☺☺
07.03.2017. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Барселона баарибир мыкты
07.03.2017. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alga.Kyrgyz,ал сен учун мыкты. Биз учун Реал жана Реал. Так что салам алейкум)
07.03.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул силерге барса эмес! Бул улуу клуб! Автор ди марияны, озилди да жазып отпопсунор да. Барса базар жок кучтуу, легендарный, бай клуб дуйно жузундогу кучтуу футболчулар (месси, Суарес, Неймар) ойногон клуб десем жанылышпайм. Но туугандар барса падыша клубтун жанында братишкасы болгонго аргасыз анткени озу эле айтып турган падыша клуб. Хала Мадрид)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: