КҮНСЕРЕП: Атамбаев депутаттарды ушак менен эмес, мыйзам менен алектенүүгө чакырды
Бүгүн, 6-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Салтанаттын ачылышында сүйлөгөн өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өз дарегине айтылып келе жаткан сындарга жооп кайтарды. Президент 16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы айылга кулап, 39 адамдын өмүрүн алган Боингдеги 85,5 тонналык жүк тууралуу кеп козгоду. Боингдеги жүк президентке таандык болушу мүмкүн деп шек санаган "Ата Мекен" оппозициялык фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев учурда камакта отурат. Өлкө башчы өз сөзүндө "бул жүк Атамбаевдики" деген кептер ушак экенин айтып, "депутаттар жүк тууралуу чындыкты билгиси келсе эки айдан бери чуу салбай Гонконгго же Стамбулга барып келишпейби? Кипрге да билет алып берейин, ал жакта Атамбаевдин акчасы бар болуп чыкса өз ара бөлүшүп алгыла", - деп чакырык таштады. Муну менен өлкө башчысы парламент өз милдеттеринен алыстап мыйзам эмес, ушак чыгаруучу жайга айланды деп сындап, Бакыт Төрөбаевдин “иштей албасак, жакшысы таркап кетели” деген сунушун колдоого алды. Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңешти таркатуу укугу Жогорку Кеңештин өзүндө бар, ал үчүн депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү мандаттан айрылууга макулдугун бериши керек. Албетте, Ак үйдөгү креслодо 5 жыл отуруп, өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн миллиондорун коротуп келген көпчүлүк депутаттар өз каалоосу менен мандаттан баш тартууга барышпайт. Өлкө башчы кылмыш иштерин козгоолор Текебаев менен эле бүтүп калбасын да кулак кагыш кылып, дагы бир топ “лөктөрдү” мындай тагдыр күтүп жатканын эскертти. Артында коррупциялык калбыры бар саясатчы, депутаттарды азыр Өмүрбек Текебаевдин тагдырына караганда “дагы кимдер илинет?” деген суроо көбүрөөк ойлондуруп жаткан чагы. Андыктан парламентте “Ата Мекенден” башка фракциялар тарабынан бийликке баш оору таптакыр эле жаралбашы мүмкүн. Бийликтеги партияны учурда башка маселе, кимди талапкер катары алып чыгуу маселеси ойлондуруп жатса керек. Атамбаевдик социал-демократтар партиясынан талапкер ким болору ачыктала элек. Саясий эксперттердин ою боюнча, учурда партиянын ичинде топторго бөлүнүүлөр, президент болом деген дымагы барлардын ортосунда атаандаштык байкалууда. Партиясынын биримдигин сактап калуу, дымагы күчтүү партиялаштарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен катар президенттикке бирдиктүү талапкерди чыгаруу лидери үчүн оңой иш эмес...
Интернет-колдонуучуларга, блоггерлерге байланышкан талаштуу мыйзам долбоору артка кайтарылды. Анын авторлору Алтынай Өмүрбекова ("Республика - Ата Журт"), Акылбек Жумагулов ("Республика - Ата Журт") жана Дастан Бекешев (КСДП) бул долбоордун максаты - элди жалган жана чагымчылдыкка үндөгөн маалыматтардан сактоо экенин айтышкан эле. Документте интернет-колдонуучуларынын укуктары менен милдеттери камтылган. Мыйзам кабыл алынганда, миңден ашуун окурманы бар интернет-колдонуучуларына карата талаптар катаалдашып, маалыматты тактоо, ишенимсиз болсо өчүрө турган чектөөлөр болмок. Коомдук талкууда тургандагы үч күндүн ичинде мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектөөгө багытталган деп сынга алынды. Жогорку Кеңештин депутаттары ММК катары саналбаган социалдык тармактардагы билдирүүлөргө чочулоо менен мамиле кылары байкалууда. Буга депутат Ирина Карамушкинанын (КСДП) президенттин дарегине сын айткандарды жоопко тартуу демилгеси далил боло алат. Жарандар кайсы жерде болбосун, анын катарында интернеттеги социалдык тармактар аркылуу дагы жеке пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. Мындан тышкары депутаттар өздөрүнүн дарегине интернетте айтылып жаткан сындарды уккусу келбей ушундай демилгени көтөрүп жатышат деген пикирлер айтылды. Мыйзам долбоорунун артка чакыртылып алышын жарандык коомчулуктун депутаттардын үстүнөн болгон кичинекей жеңиши деп атаса болот. Эгемендүү Кыргыз Республикасы жетишкен негизги баалуулуктардын бири бул сөз эркиндиги. Сөз эркиндигин чектөө эмнеге алып келерин тарых көрсөткөн. Албетте, интернет-колдонуучу ар бир жаран сыяктуу эле жоопкерчиликти сезиши керек. Бирок мындай деңгээлге соттор, кысымдар, тыюулар менен эмес, аң-сезимдерди өзгөртүү аркылуу жетишибиз керек...
Депутаттык мандат эл өкүлдөрүнө кол тийбестик гана эмес, бизнестерин өнүктүрүү үчүн мамлекеттен эбегейсиз жеңилдиктерди алууга да мүмкүнчүлүк берет. Бул жолу киреше салыгынан бошотулган ишканалар талкууга түштү. Өлкө боюнча 64 ишкана киреше салыгынан бошотулган. Анын ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсү ээлик кылган "Акун" ишканасы, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын атынан депутаттыкка талапкер Султанбек Тойгонбаевдин бүлөсүнө тиешелүү "Дан" ишканасы бар. 2013-жылдагы кирешелерге салык төлөөдөн бошотуу токтомуна илингендердин арасында өнөр жайды кайра иштетүү, азык-түлүк өндүрүүчү ишканалар бар. Ал токтом эки жылдан кийин күчүн жоготмок. Бирок 2015-жылдын 31-декабрында "Салык Кодексиндеги айрым актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, салыктан бошотуу 2018-жылдын 1-сентябрына чейин узартылган. Буга чейин парламенттин 22-декабрдагы жыйынында "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өлкөнүн кирешелүү тармактарын чиновниктер жана депутаттар ээлеп алганын айтып, “өлкөдөгү бизнести биротоло 5-6 адамга бөлүп берип эле койбойлубу” деп нааразычылык билдирген эле...
кошулду



