super.kg logo
  Саясат  

БУУ токой чарба агенттигинин кызматкерлеринин деңгээлин көтөрүү үчүн 300 миң доллар бөлөт

 

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму Кыргыз өлкөсүндөгү токой чарба агенттигинде иштегендердин деңгээлин көтөрүү үчүн каражат бөлөт. Бул тууралуу 6-мартта Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов парламентте Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

“Кыргыз мамлекетинде эл аралык уюмдар бар. Ошолордун катарындагы уюм биздин агенттиктеги кызматкерлердин дареметин жогорулатуу максатында 300 миң доллар бөлөт”, - деди ал.

Мындан тышкары, Рустамов агенттиктин бюджети 2017-жылы 661 миллион 400 миң сомду түзгөнүн айтты. Былтыркы жылга салыштармалуу эки эсеге көп экенин белгиледи.

Учурда аталган агенттиктин 2016-жыл ичинде аткарган иштери жана 2017-жылдагы иш-милдеттери каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: