super.kg logo

Бишкек мэриясы: Тууну тосмо катары пайдаланган дүкөндүн ээси аны алып коюудан баш тартты

 

Бишкек шаарындагы Медеров жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн ээлери мамлекеттик тууну тосмо катары пайдаланууда. Бул тууралуу 4-мартта мэриянын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта жазылгандай, мындай абал санитардык-экологиялык инспекция кызматкерлери жүргүзүп жаткан рейд учурунда аныкталган. Кызматкерлер бул көрүнүштү мамлекеттик символду мазактоо деп сыпаттап, аны алып коюуну айтышкан. Бирок дүкөндүн ээлери тууну алып коюуга макул болушкан эмес.

“КРнын мамлекеттик символдору жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, өлкөнүн ар бир жараны жана өлкөнүн аймагында убактылуу жүргөн тургундар КРнын мамлекеттик символдорун кадырлоого, урматтоого милдеттүү. Тууну, гербди жана гимнди мазактаган жарандар КРнын мыйзамдарына ылайык, тиешелүү жоопко тартылат. Мамлекеттик символдорду мазактагандарга 5 миңден 10 миң сомго чейин айып салынат же 41 күнгө эркинен ажыратылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.03.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Конц мыйзамга ылайык жазага тарткыла, мамлекеттик символдорду жогору баалап барктоо ар бир жарандын милдети.
06.03.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйык тууга кайдыгер мамиле
жасаган адам жооп бериши керек.
06.03.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыйзам чегинде жооп берсин. Унчукпасанар дагы бир кун биросу астына салып алышат
06.03.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылы жок адам деп тушундум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: