super.kg logo

Кар көчкүнү видеого тарткан оператор: "Мындай кадрлар дайыма туш келе бербейт"

 

SUPER.KG порталынын “Элдик видео” бөлүмүнө аскер кызматкерлеринин тоодон кар көчкүнү атып, түшүрүп жаткан видеосу тарады. Видеону көргөндөр кардын көчүп келе жаткандагы сүрдүү көрүнүшүнө күбө болот. Эң кызыгы тасмага тартып жаткан оператордун ал жерден качпай, жанындагы жолдошторун дүрбөлөңгө салгандыгы.

Видеодо “Оператор кач, кач”, - деген кыйкырыктар бир канча ирет кайталанат. Бул видео социалдык тармактарда да кызуу талкууланууда. Биз видеонун автору менен байланышып көрдүк.

Кар көчкүнү көпкө чейин тартып турууга дити жеткен - Нурбек Абдраимов. Ал Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматында эмгектенет. Нурбек видео 22-февралда, Чычкан капчыгайында тартылганын билдирди.

“Бул мен тартып жүргөн биринчи экстремалдуу видео эмес. Буга чейин сел кырсыктарын, өрттөнүп жаткан имараттардын ичине кирип, айтор өзгөчө кырдаалдарды тартып эле жүргөм. Бирок мындай кадрлар дайыма эле туш келе бербейт. “Кач, кач” деген кыйкырыктар күчөгөндө качтым. Бирок такыр корккон жокмун. Кар көчкүнү тартып калганыма сүйүнөм”, - дейт Н.Абдраимов.

Анын айтымында, КС-19 зениттик замбирек менен кар көчкүнү атып түшүрүп жаткандар КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскер кызматкерлери.

Унаа жолдордогу жүргүнчүлөрдү кар көчкү кырсыгынан сактоо максатында алдын ала карды көчүрүү иш-аракеттери жүргүзүлөт.

Жыл башынан бери 625 снаряд атылып, 60 кар көчкүсү түшүрүлгөн.






Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүлөрдү түшүрүп жатышат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(8)
Медиа-портал
04.03.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Класс
Медиа-портал
04.03.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсыңарбы! Супер Инфонун жалпы жамааты мен сиздердин гезитти дайыма окуп келгем. Азыркы учурда Москвадамын гезитти окуй албай калдым электрондук версиясын эмнеге жок кылып салдыңар? Чет өлкөдөгү Мекендештер окуй албай калдык. Ушуну карап жооп берир коёсуздарбы ?
Медиа-портал
06.03.2017. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Malik92, Саламатсызбы?Мен да Москвадамын, super.kg сайты/электрондук версиясы/ менимче жакшы эле иштеп жатат го,?
Tynchtykbek84.kg түзөттү 2017-03-06 21:21:42
06.03.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча грубо суйлошот тобоооо.....
06.03.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Базар жок брат кар кочку туралу кино тарт эми ?
07.03.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсыз Нурбек байке, ишинизге иийгилик, биз сиз менен сыймыктанабыз. карындашыныз ))))))
07.03.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ала - Букалык да
Медиа-портал
07.03.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апыратыыыыр кааааач эээуууу каааач апыратыыыыр)))))))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: