super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Жон Керрини кантип "өчүргөнүн" айтты

 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз бийлиги боюнча калп маалымат таратууга АКШ көмөктөшүүдө деген пикирде. Мындай пикирди президент 6-мартта коомдук жана маданий ишмерлерге сыйлык тапшыруу аземинде айтты.

"АКШнын мага таарынычын жакшы билем. Кеп, демократия же чындыкта эмес. Кеп, Атамбаев АКШнын Кыргыз жериндеги аскердик базасын чыгарып жибергендигинде. Өткөн жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри келгенде сурадым. Эмнеге Азимжан Аскаров камалганда, сот чечимдери чыкканда президент болуп турган Отунбаевага (ред.ошол кездеги президент Роза Отунбаева) сыйлык бересиӊер да, базаӊарды Атамбаев кетиргенден кийин чочуп ойгонуп Аскаровго сыйлык бересиӊер. Бул эмне деген эки жүздүүлүк?" - деп сурасам, Жон Керри эмне деп жооп берерин билбей калды. АКШнын жаӊы президенти Дональд Трамп Америка саясатындагы эки жүздүүлүк жөнүндө туура айтып жатат. Мен аны толук колдойм. Бирок бул эки жүздүүлүктү жоюуга алы жетер бекен?" - деди Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: