super.kg logo

Гезит жана салфеткадан көйнөк тиккен абактагы кыз-келиндер өз өнөрлөрүн тартуулашты (фото)

 
№2-аялдар абагы
Ырдап, бийлегендерди колдогон көрүүчүлөр
Ырдап, бийлегендерди колдогон көрүүчүлөр
Эркинен ажыратылгандар сахнада бийлеп жатышат
Клеёнкадан тигилген көйнөк кийген кыздар
Гезиттен тигилген көйнөк
Салфеткадан тигилген көйнөк
Гезит, салфетка, клеёнкадан тигилген көйнөктөр
№2-аялдар абагынын короосунда
Абактагы кыздар түшкү тамакка кезек күтүшүүдө

Бүгүн, 6-мартта Сокулук районуна караштуу Степное айылында жайгашкан №2-аялдар абагындагы кыз-келиндер 8-март майрамына карата майрамдык концерт тартуулашты.

Концерттин жүрүшүндө кыз-келиндер коомдогу терс көрүнүштөрдү, жагымсыз окуяларды чагылдыруу менен көрүүчүлөргө шаң тартуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 33 жаштагы Шоола Исмаилова соңку 5 жылдан бери жаза мөөнөтүн өткөрүп жатканын айтты.

"8-март майрамына карата өткөрүлүүчү концертке биздин 4-бөлүктүн кыздары 2 ай бою даярдандык. Күн сайын эки жолу чогулуп, ар бир номерге даярданууга жетиштик. Башында салфеткадан көйнөк тигүү идеясын кыздар айтып чыгышты. Жыйынтыгында 3 кыз болуп 2 күн убакыт кетирип, салтанат көйнөгүн тигип чыктык. Буга 1800 даана салфетка короттук. Жыйынтыгында калыстардын жогорку баасын алдык", - деди Исмаилова.

Майрамдык концерттин жүрүшүндө 4 топко бөлүнүп жарышка түшкөн кыздар сахнада ырдап, бийлеп гана тим болбостон, андан сырткары чеберчилик өнөрлөрүн көргөзүп калыстардын сынынан өтүштү. Ар бир топ гезит барактарынан жана клеёнканын кесиндилеринен кооз көйнөк тиккен. Дагы бири гүлдөн жасалган көйнөгүн сунуш кылды.

"Учурда №2-абакта 300дөй кыз-келин жаза мөөнөтүн өтөшөт. 2 жашы жетелек өспүрүм кыз, пенсия жашындагы 6 аял бар. Алардын баарына жашоого ыңгайлаштырылган шарт түзүлгөн. Бүгүнкү күндө эркинен ажыратылган 200 кыз түрдүү жумуштарда иштешет. Аларга айлык маяна төлөнүп берилет. Биздин шартта кийим жана бут кийим тигүүчүлүк тармагында иштесе болот. Ошондой эле нан чыгаруучу цехте эмгектенишет. Абактагылар эркиндикке чыкканча жогорку деңгээлдеги адистикке окуу мүмкүнчүлүгү да бар", - деп билдирди аялдар абагынын башчысы Амангазы Искендеров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.03.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аябай сонун дизайн .Кайда болушса да алтын баштары аман болушсун
06.03.2017. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
аялдарды камашпай эле коюшса болот эле.байкуш энелер.кайран отуп бараткан жаштары.ото окунучтуу
yakutiya-Mirnyi түзөттү 2017-03-06 21:50:20
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: