super.kg logo

Алматыда атактуу рок-музыкант Виктор Цойдун эстелигин коюу демилгеси көтөрүлдү

 
"Ийне" тасмасындагы акыркы кадрлардан
Виктор Цой

Казак актёру, продюсер Арман Асенов рок-музыкант Виктор Цойдун эстелигин Алматы шаарына коюу сунушун расмий баракчасына жазып чыккан.

"Менин тапшырыгым боюнча белорустук белгилүү скульптор Илья Кирьянов Цойдун кичинекей скульптурасын жасады. Мен аны Алматыга орнотууну көздөп жатам. Бул анын жалгыз тулку бойлуу эстелиги болмокчу. Скульптура "Ийне" аттуу тасмадагы акыркы кадрынан алынган образы боюнча жасалган. Башкы каарман кармап турган от тутанткыч өчпөс от катары күйүп турат, андан башка музыканттар тамекисин күйгүзүп, ырчынын ырларын ырдап турушат", - деген продюсер.

Асенов учурда эстеликти орнотуу үчүн ылайыктуу жер издеп жатканын кошумчалап, колдонуучулардан да кеңеш сураган.

Советтик рок-музыкант, ырлардын автору жана сүрөтчү, легендарлуу “Кино” рок-тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси Виктор Цой Ленинград шаарында туулган. "Ийне" кинотасмасы Алматы шаарында тартылган. Виктор Цой 28 жаш курагында 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат алтыларда автокырсыктан каза тапкан.

Белгилей кетсек, Кыргыз жергесинде да анын күйөрмандары азыркыга чейин көп болуп, Ош шаарынан чыккан Асхат Калбаев "Виктор" тобун жетектеп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.03.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ырчы болгонун билем
06.03.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Звезда по имени солнцедеген ыры жагат гитарагада соонун тушот
07.03.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш болсо да озугун артынан озун эстетип турчуу эмгекке жетишиптир окунучтуусу ото жаш отуп кетиптирда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: