super.kg logo

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эки адамды баккан эне кээде 20 сом таппай убара тартат

 
5 жолу операция болгон Шержан
Шержандын атасы менен апасы
Билимжан Сарпашовдордун үйү

16-январда Курулуш башкармалыгынын дачаларына кулаган учактан кийин жергиликтүү тургундардын көпчүлүгүнүн жашоосу мурдагыдай болбой калды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жолдошу менен уулун жалгыз баккан Гүлсада Иманкулова да алардын катарына кирет. Төшөктө жаткан уулу ал кырсыктан чочуп, түнкүсүн тынч жата албай калган.

"Биз буга чейин Токтогул районунун Толук айылында жашачубуз. Баламдын оорусуна байланыштуу 2013-жылы борбордогу ооруканага жакыныраак болуу максатында айылдагы үйүбүздү сатып, "Манас" аэропортуна жакын жердеги Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынан үй сатып алганбыз. Балам 2001-жылдан бери эхинококктордон жабыркап келет. Ушул күнгө чейин 5 жолу операция жасаттык. Буга чейин операциядан кийин өзү басып кетчү. Бул жолу уулум баспай калды. Аны жетелеп сыртка алып чыгабыз", - дейт Иманкулова.

3 жыл бою оору менен күрөшкөн Билимжан уулу Шержан 18 жашта. Ал 2016-жылдын сентябрь айынан бери төшөктө жатат. Апасынын айтымында, уулу эмнеден улам ооруп калганы белгисиз, ден соолугу жакшы болуп туруп, ооруга кабылгандан бери алсырап төшөктө жатууга аргасыз болгон.

Гүлсада Иманкулованын үй-бүлөсүндө 5 адам жашайт. Учурда бул үйдө иштеп, каражат тапкан киши жок. Балдарынын бири минтип төшөктө жатса, бири студент, бири мектепте окуйт. Күн сайын 10 сомдон 20 сом жол кире коротуп мектепке барат. Кээде мектепке барганга акча табылбай кошуналардан сураганга аргасыз болушат.

"Буга чейин ашканада иштечүмүн. Балам ооруп төшөккө жатып калгандан бери иштебей калдым. Ар бир операция үчүн 50 миң сом каражат жумшап келгенбиз. Кийинки дарылануусуна каражат таппай жатабыз. Ал тургай азык-түлүк сатып ала албай кыйналып калдык. Студент балам өзү иштеп, окуусуна акча таап берип жатат. Артканын бизге алып келет. Жолдошум аскерден башынан жаракат алып келген. Ага да бир топ каражат жумшалат", - деп кошумчалады Иманкулова.

Шержанды сыртка чыгарарда эки адам жетелеп алып чыгат. Анын атайын майыптарга ылайыкталган арабасы да жок. Апасы тааныштарынан сураштырып, майыптар арабасын убактылуу сурап келген. "Жергиликтүү социалдык коргоо кызматкерлери бул үйдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эки адам жашарын билбейт. Биздин үйгө социалдык коргоо кызматкерлери келген эмес. Эгерде алардын мүмкүнчүлүгү болсо же колунда бар кишилерден жардам сурайт элем", - дейт Шержандын апасы.

Бул арада үй-бүлөнүн кожоюну Билимжан Сарпашов менен маектештик.

"Мен оорулуу болуп жумушка жарабай калдым. 2-топтогу майыптыгым үчүн мамлекеттен 3 жарым миң сом пенсия алам. Бул каражат дары сатып алганга эле жумшалат. Жашообуз кыйын болуп кетти. Өзүм 6 ай сайын дарыланып турам. Учактын кулашы да бизге катуу терс таасирин тийгизди. Түн ичинде учактын үнүнөн чочуп ойгонуп жатабыз", - дейт Сарпашов.

Сарпашовдордун үй-бүлөсү мектепте окуган баласына жумшалуучу төлөмдөрдөн бошотууну суранат. Анткени мектептин төлөмдөрүн төлөмөк тургай, жол киреге 20 сом таппай убара тартып, айрым учурларда тамак-ашсыз калышат.






5 жолу башынан операция болгон бала

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.03.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ кудайымдын сыноосу бул дагы,Аллахым чондорго ынсап берип элдин озунон чогулган акчаны туура болуштуруп бере коргуло,элдин коз жашынан корколу
07.03.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чиновниктер бир жолу чет жака эс алган каражатын берип койсо сооп болмок
07.03.2017. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдер чогулткан акчадан берип койсо болот 1 миллион сом
15.03.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефон номерин жазып койсонуздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: